Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды

22.07.2022 16:42
526
Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан терроризмге жана ички жашыруун терроризмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагында Эл аралык террордук уюмду каржылоо үчүн ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик акча каражаттарын сатып жаткан жашыруун кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат келип түшкөн.


УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 21-июлунда 3800 АКШ доллары өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г. кармалды.


Убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17400 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражаты табылып алынды. Азыркы учурда М.Ш.Г. КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн