Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 00:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Айрым аймактарда 37 градуска чейин күн ысыйт, - 4-июнга карата аба ырайы

03.06.2020 18:24
1125
Айрым аймактарда 37 градуска чейин күн ысыйт, - 4-июнга карата аба ырайы


Эртең, 4-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн бүркөлүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен маалымдашты.

Калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында күн бүркөлүп, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 30…35;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн