Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын ЖК токтом менен бекитти

24.03.2020 15:28
795
Өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын ЖК токтом менен бекитти


Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоорлору кабыл алынды.


Аталган аймактарда өзгөчө абал киргизүү тууралуу Кыргызстандын президентинин чыгарган жарлыгын жана анын шарттары тууралуу Жогорку Кеңеште Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев маалымат берди.


Жогоруда аталган аймактарда өзгөчө абалды киргизүү, алардын шарттарын толугу менен аткаруу, бул боюнча ММКларга жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыялоо тууралуу парламенттин 3 токтому кабыл алынды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн