Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:12
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Айыл чарба министрлиги Кумтөр менен кызматташат

02.05.2023 10:08
413
Айыл чарба министрлиги Кумтөр менен кызматташат

2023-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка таянсак, иш-чарада  Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Токой кызматы жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү катышты.


Ошондой эле, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу токой чарбасынын Борду участкасына 6800 түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду.  


Жети-Өгүз токой чарбасынын эсебине аяттын жер кыртышын даярдоого, көчөттөрдү казууга, аларды отургузулуучу аянтка жеткирүүгө 854 000 сом жана керектөөгө зарыл болгон шаймандарды (мотобур, мотоблок, бензопомпа ж.б ) сатып алууга 1 600 000 сом которулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн