Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Аялын байлап, мыкаачылык менен сабаган киши камакка алынды. Окуянын чоо-жайы (видео)

Аялын байлап, мыкаачылык менен сабаган киши камакка алынды. Окуянын чоо-жайы (видео)


Жалал-Абад облусунда аялын байлап, мыкаачылык менен сабаган киши милиция тарабынан кармалды. Маалыматты ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. 


Маалыматка караганда, окуя 8-июнь күнү саат 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. 


"Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБге арызданган. Бул окуя Сузак РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдктүү реестрине каттоого алынып,  КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң, КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.  Күйөөсү Сузак районунун  тургуну Б.З. кечээ, июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп айтылат маалыматта. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн