Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Атасы үчүн баласы жооп бербейт. Тазабек Икрамов абактагы Бекназаров менен Жекшеналиевдин маселесин көтөрдү

12.10.2022 10:33
382
Атасы үчүн баласы жооп бербейт. Тазабек Икрамов абактагы Бекназаров менен Жекшеналиевдин маселесин көтөрдү

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов тергөө абагында кармалып турган Руслан Бекназаров менен Ырыс Жекшеналиевдин маселесин көтөрдү.


Депутаттын айтымында, Руслан Бекназаров атасынын айткандары үчүн жооп бербеш керек.


"Бүгүнкү күндө Руслан Бекназаровго болбогон эле доо коюлуп камакта отурат. Ал атасынын айткан сөздөрү үчүн жооп бербеши керек. Биз ал баланы жакшы билебиз.


Андан кийин 19 жаштагы Ырыс деген баланы камакта кармап отуруу бул уят иш. Ал болгону 19 жашта. Андан улуу адамдар ката кетирет, адашат. Ошондуктан алардын ишин карап көрүш керек",- деди Икрамов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн