Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ат-Башыдагы катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады

11.05.2024 12:00
578
Ат-Башыдагы катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады


Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар.

Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Анын кесепетинен Ат-Башы районунда 5 адам жабыркап, 36 турак үйгө жана 6 социалдык объектиге зыян келтирилген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн