Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 01:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ашууларда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды

21.11.2024 14:59
272
Ашууларда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды


Бүгүн, 21-ноябрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка, Арал постторунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн