Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 19:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Арал постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

12.12.2023 12:05
282
Арал постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды


Бүгүн, 12-декабрда саат 10:30да Бишкек - Ош унаа жолундагы Арал постунда (Токтогул району) оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министрликке караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн