Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:56
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Аманбаев Вашингтондо ЮСАИДдин Кыргызстанга жаңы дайындалган директору менен жолукту

16.08.2024 09:51
397
Аманбаев Вашингтондо ЮСАИДдин Кыргызстанга жаңы дайындалган директору менен жолукту


Кыргызстандын Америка жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев Вшингтондо ЮСАИДдин Кыргызстанга жаңы дайындалган директору Сара Верс жана администраторунун жардамчысынын орун басары Анджали Каур менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЮСАИДдин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, мындан аркы ишке ашыруу пландарын белгилешти.

Элчи Аманбаев билим берүү, инвестицияларды жана жаңы технологияларды тартууга басым жасоо менен ЮСАИДдин долбоордук жана программалык ишмердүүлүгүн өлкөнүн аймактарына жайылтууну сунуштады.

Мындан тышкары, ЮСАИД менен мындан аркы кызматташуунун келечеги жана приоритеттери боюнча пикир алмашуу болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн