Кулжа 06, 2025
Убакыт: 04:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 11,5 жылга кесилди. Дагы кимдерге сот өкүмү чыкты?

04.06.2025 09:20
53
Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 11,5 жылга кесилди. Дагы кимдерге сот өкүмү чыкты?


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.


Биринчи май райондук сотунда отурум аяктады. Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу да чечим кабыл алынган.


Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевден башка төмөнкүлөргө да соттун өкүмү чыкты:

- Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай;

- Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;

- Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 ай;

- Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай;

- Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;

- Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай;

- Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;

- Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.


Эске салсак, буга сейинки чечим жокко чыгарылганына байланыштуу мурдагы президент эркиндикке чыгып, кийин чет өлкөгө дарыланууга кеткен.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн