Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Алмаз Мамбетов Ак-Буура дарыясы боюнча Сарыбашовдун долбоорун улантарын айтты

23.08.2021 17:12
956
Алмаз Мамбетов Ак-Буура дарыясы боюнча Сарыбашовдун долбоорун улантарын айтты

Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорун улантып, аягына чыгарам. Мындай пикирин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бүгүн, 23-августта өткөргөн маалымат жыйында айтты. 


Анын айтымында, керектүү долбоорду токтотуп коюу туура эмес.


«Жарым акчасы төлөнгөн долбоорду кайра токтотуш туура эмес деп ойлойм. Баштагандан кийин бүтүрүшүбүз керек. Бардык шаарлардагы суу бар жерлерди карасаңар жөө басканга, велосипед тепкенге, келген туристтерге жакшы шарт түзүлгөн. Эми жарымына келип калган ишти мен келип туруп эле токтотуп койгонум туура эмес көрүнүш. Жарым акчасы республикалык бюджеттен каржыланат экен. Азыр ошону бөлдүрүп, аягына чыгарышыбыз керек. Долбоор менен бир сыйра тааныштым. Кемчиликтерди айтып, тоолуктоолорду кошумчаладым».

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн