Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия иликтөөнү аяктай элек

13.06.2022 15:09
786
Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча  комиссия иликтөөнү аяктай элек

Президент Садыр Жапаров тарабынан Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия ишин аяктай элек. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу президенттин администрациясына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, президент тарабынан түзүлгөн комиссия ишти иликтеп бүткөн соң, Садыр Жапаровго жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.


Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиевге 2-июнда 7 кылмыш иши козголуп кармалган. 4-июнда Садыр Жапаров аны убактылуу кызматтан четтеткен. 


Учурда Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн