Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:31
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Аламүдүндө аялдардын абагына телефон алып кирүүгө бөгөт коюлду

06.03.2023 14:59
350
Аламүдүндө аялдардын абагына телефон алып кирүүгө бөгөт коюлду

Аламүдүндө аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта болжол менен түнкү саат 01:30дар чамасында Аламүдүн районунун Степное айылында жайгашкан №2 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракеттенишкен.


Шектүү катары 36 жаштагы С.М.А. аттуу жаран кармалып, анын жанынан 8 уюлдук телефон жана 1 сим-карта табылган.


Аталган факты боюнча материалдар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө ыкчам тобуна өткөрүп берилди.


Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн