Аксыда трансформаторлорду оңдоо цехинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министр Таалайбек Ибраев катышып, курулушка старт берди.
Бул цехтин эски имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулуп, жарым кылым аралыгында эскилиги жетип, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип, куруу жумуштарын "Амазон" ЖЧКсы колго алган. Бул үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын эсебинен 7,5 млн сом бөлүнгөн.
Цехти куруп бүткөрүү 2025-жылдын күз айларына пландалууда.
Министр заманбап имарат бүтүп калса, кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар жаралып, сапаттуу жумуш алып баруусуна шарт түзүлөрүн билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн