Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Аксыда сел агызып кеткен адамдардын арасында 3 жана 5 жаштагы балдар болгон

13.07.2021 09:41
1373
Аксыда сел агызып кеткен адамдардын арасында 3 жана 5 жаштагы балдар болгон

Жалал-Абаддын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен эки турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.


ӨКМден билдиришкендей, сел суулары Таштак айылындагы 5 жаштагы К.А. аттуу баланы жана 3 жаштагы Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.


“Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26 куткаруучу, 7 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн