Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Аксыда 15 жаштагы кызды телефон аркылуу таанышкан жигит зордуктоого шектелүүдө

10.08.2020 16:09
1270
Аксыда 15 жаштагы кызды телефон аркылуу таанышкан жигит зордуктоого шектелүүдө


Аксы районунда 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.


“2005-жылы туулган кызын телефон аркылуу таанышкан бала зордуктап кетти деген арыз менен Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну милицияга арызы менен кайрылган. Шектүү катары 19 жаштагы жигит кармалды”, - деди маалымат катчы.


Аталган факт 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн