Кулжа 15, 2025
Убакыт: 15:55
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Аксы районунун акими кызматынан кетип, ордуна Жыргалбек Шакиев келди

05.01.2021 16:04
1114
Аксы районунун акими кызматынан кетип, ордуна Жыргалбек Шакиев келди


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.


Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.


Новиков кол койгон дагы бир буйрукка ылайык, Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кудасы емес бекен?