Теке 29, 2025
Убакыт: 18:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Акрам Мадумаров: Ок атуудан жапа чеккендерге мамлекеттен жардам берилет (фото)

10.05.2020 09:58
917
Акрам Мадумаров: Ок атуудан жапа чеккендерге мамлекеттен жардам берилет (фото)


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 8-май күнү ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуя учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган аскер кызматкерлеринен кабар алды.


Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, вице-премьер-министрге жапа чеккендердин саламаттыгы тууралуу айтып беришти.

Акрам Мадумаров аскерлерге сакайып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү каалап өттү, ошону менен бирге аларга мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн