Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акыркы айда мөмө-жемиш жана жашылчалардын баасы 8% кымбаттады

12.11.2021 16:39
1262
Акыркы айда мөмө-жемиш жана жашылчалардын баасы 8% кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар жалпы республика боюнча 8,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ушул мезгил аралыгында жашылчалар - 8,5 пайызга, жемиштер - 7,9 пайызга кымбаттады.


"Муну менен баалардын эң көп кымбатташы бадыраңга - 2,2 эсеге, помидорго - 1,8 эсеге, капустага - 13,7 пайызга, картошкага - 9,0 пайызга, кулпунайга, малинага - 6,6 пайызга жана апельсинге - 5,7 пайызга белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн