Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды

30.05.2024 11:54
310
Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды


"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо боюнча Евразия тобунун 40-пленардык жыйынында.

Ал өз сөзүндө өтүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын экономикалык ийгиликтерин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында шайлангандан бери Кыргызстанды сөз менен эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине чыныгы берилгендигин көрсөттү. Биз акыркы 3 жылда салык жыйымдарын 3 эсеге, бажы кирешелерин 4 эсе өсүүсүнө жетиштик, экономиканын орточо өсүшү 7%га, ИДП дээрлик 2 эсеге өстү.

Натыйжалуу башкаруунун, ачык-айкындуулук жана отчеттуулукту жайылтуунун, санарип технологияларды кеңири колдонуу, фискалдаштыруу, экономиканы накталай эмес төлөмдөргө өткөрүүнүн аркасында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү", - деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн