Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров: Байлар салыгы менен кедейлерди багыш керек

13.10.2021 10:57
1599
Акылбек Жапаров: Байлар салыгы менен кедейлерди багыш керек

Байлар салыгы менен кедейлерди багыш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, анын программасында байлар көп салык төлөш керек.


"Менин программамда байлар көп салык төлөш керек. Ошол эле учурда мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды алыш керек.

Алар жумуш ордун түзүп, өлкөгө салым кошуп жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү иш менен камсыз кылып, багат.

Биз экономиканы өнүктүрүүнүн жолун изилдеп чыктык. 2022-жылы өлкөнүн бюджети 400 млрд сомго 2023-жылы 500 миллиард сомго жеткиребиз",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн