Кулжа 15, 2025
Убакыт: 11:16
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Ак калпак күнүнө карата 1500 улуттук кийимчен адам жөө жүрүшкө чыкты

05.03.2021 17:11
1069
Ак калпак күнүнө карата 1500 улуттук кийимчен адам жөө жүрүшкө чыкты

Бүгүн, 5-март Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Улуттук кийимдер" жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чарага Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Изатбек Берхмаматов баштаган 1500 активдүү жаштар, улуттук кийимчен апалар жана кыз-келиндер катышты.

"Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук аянттан тарта улуттук драма театрына чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты.

Салтанаттуу иш-чара Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрындагы концерттик программа менен уланды", - деп жазылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн