Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:15
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Ак-Суу районунда 2 бала мектептин 2-кабатынан секирген

Ак-Суу районунда 2 бала мектептин 2-кабатынан секирген

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын 5-классынын эки окуучусу  2-кабаттан секирген. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды. 


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-мартында эки окуучу мектептин имаратынын 2-кабатынан секиргени белгилүү болгон.

«Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер келишти. Окуучулардын абалы жакшы. Алар аймактагы ооруканадан текшерүүдөн өткөн. Алар жабыркаган жок. Жагдайды тактоодо окуучулар уруша кетишкенин айтышты. Ата-энелери менен баарлашуу болуп өттү. Мындан ары, 5-класстын окуучулары имараттын 1-кабатында билим алышат», - деди РИИБдин башчысынын орун басары М.Муканбетов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн