Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:21
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Адылбек Касымалиев Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат

03.06.2024 13:23
315
Адылбек Касымалиев Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат


КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат.

Иш-чара 5-8-июнда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Маалымат үчүн: Петербург эл аралык экономикалык форуму (ПЭЭФ) - бул экономика жана бизнес дүйнөсүндөгү уникалдуу окуя. ПЭЭФ 1997-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, ал эми 2006-жылдан тартып Россиянын президентинин катышуусу менен өткөрүлүп келет.

Ушул жылдар аралыгында форум бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы баарлашуу жана негизги экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн алдыңкы дүйнөлүк аянтча болду.

Петербург эл аралык экономикалык форумунун программасынын алкагында жыл сайын ири көчмө иш-чаралар, ишкердик форумдар, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтүп турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн