Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:12
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Абитуриент-2022: Жогорку окуу жайларда канча бюджеттик орун бар?

10.08.2022 10:23
639
Абитуриент-2022: Жогорку окуу жайларда канча бюджеттик орун бар?

2022-жылдын 10-августу саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66321 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайыу, Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады.

III турда пландалган 1059 бюджеттик орунга 2108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69120 орунга 4809 абитуриент тапшырды.


ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3827 абитурентти кабыл алууга сунуштады. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында тармагы/адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3827 абитурент тастыктады.


Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14%ы пайдаланылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн