Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү

24.01.2025 09:50
288
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү


Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.


Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү маселелерди иштеп чыгууда:

- автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелери жана шарттары, жыйымдардын өлчөмү жана колдонуу мөөнөтү;

- чет өлкөлүк жарандардын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жана алардын жүрүү мөөнөттөрүн көзөмөлдөө тартиби.


Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды.


Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө чет мамлекеттердин каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу тартибин иштеп чыгуу жана аны этап менен жүзөгө ашыруу тапшырылган.


Ага ылайык, мыйзамдаштыруу төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлөт:

- документтери бар автоунааларды каттоо;

- документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унааларды каттоо;

- документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү (тетик катары сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн