Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 14:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

АКШда коронавирус илдетин жуктургандар 1 миллионго чукулдады

27.04.2020 14:22
1195
АКШда коронавирус илдетин жуктургандар 1 миллионго чукулдады


Америка Кошмо Штаттарында коронавирус илдетин жуктургандардын саны 986 миң адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарында 288 045 адам илдетти жуктуруп алган. Ал эми Нью-Жерсиде 109 038, Массачусетсте 54 938, Иллинойсто 43 903, Калифорнияда 43 720 жана Пенсильвания штатында 42 616 адам инфекцияны жуктуруп алган.


Ал эми жалпы 5 441 079 киши коронавируска тест тапшырган. АКШда COVID-19 вирусунан 109 миң киши каза болуп, 55 417 бейтап оорудан сакайды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн