Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

35 жаштагы Орозов Бактияр Билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

25.02.2022 10:36
454
35 жаштагы Орозов Бактияр Билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Орозов Бактияр Сайпидинович билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттикке ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Буга чейин бул кызматты Калысбек Шадыханов ээлеген. Ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.


Орозов бул кызматка дайындалганга чейин КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп келген.


2021-жылдын 30-июнунда К.Орозов Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын улуттук резервине (жогорку кызмат орундарына) киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн