Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

3 жылдан бери издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды

23.12.2020 18:03
699
3 жылдан бери издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды


Бишкекте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 22-декабрь Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмдун 32 жаштагы Т.Ж. мүчөсүн кармашты.


Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн