Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:47
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

25 млн сомдук телефонду мыйзамсыз өткөрүү фактысы катталды

06.11.2020 12:53
841
25 млн сомдук телефонду мыйзамсыз өткөрүү фактысы катталды

Аламүдүн жана Ысык-Ата районун экономикалык кылмыштуулукк каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматкерлери жана Мамлекеттик чек ара кызматкерлери менен бирге Кыргызстандан "Ак-Тилек - Автодорожный" өткөрмө бекети аркылуу Казакстанга мыйзамсыз телефон өткөрүү фактысы боюнча Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. 


Автоунаада жалпы суммасы 25 млн сомдук кымбат баалуу телефондор болгон. 

Автоунаадан табылган телефондор маркасы: Айфон 12, Айфон 11, Айфон 10, Айфон 7, Айфон 6, Айфон SE,  айфон ручкасы, айфон наушниктери, Самсунг Z, Редми 9, Поко Х9 - 20 даана


Бул боюнча кылмыш иши козголуп бирдиктүү реестрге катталып, тергөө амалдары башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн