Бугу 30, 2025
Убакыт: 16:18:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.107
1.140

1,7 млн сомдук “Клексан” дарысы ооруканаларга таратылып берилди

17.07.2020 08:54
1289
1,7 млн сомдук “Клексан” дарысы ооруканаларга таратылып берилди


Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек шаардык мэриясына 1,7 млн сомго “Клексан” дарысын берди. Бул тууралуу Республикалык штабдын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясынын алкагында каржы уюму борбор калаанын мэриясына 1 миллион 776 миң сом суммасына “Клексан” дарысынын партиясын өткөрүп берди.


Дээрлик 3 миң 220 инъекция шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тапшырылды, ал жактан дары-дармек №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана шаар тургундары үчүн Свердлов жана Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлдү.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн