Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

13-июнь: 18 медкызматкер коронавирустан айыгып, төртөө жуктуруп алды

13.06.2020 11:16
1000
13-июнь: 18 медкызматкер коронавирустан айыгып, төртөө жуктуруп алды



Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 13-июнда онлайн брифингде билдирди.

 

Нарын облусунда – 2

Чүй облусунда – 2

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

 

Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 41 учуру катталды. Алардын 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 18 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, - деди Н.Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн