Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

12 жылдык окуу: быйыл мектептерде окуучулар "секирик" жасашпайт

22.04.2025 13:24
156
12 жылдык окуу: быйыл мектептерде окуучулар "секирик" жасашпайт


Алдыдагы окуу жылында 12 жылдык билим берүүнүн алкагында бир класстан экинчисине "секирик" жасалбайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү Ольга Брызгалова Бишкек шаардык кеңешинде билдирди.


Анын айтымында, класстарга секирүү акырындык менен болот.


"Быйыл сентябрда биринчи класска бара турган 6 жаштагы балдар 12 жыл окуйт. Экинчи класска бара турган 7 жаштагы балдар 11 жыл окушат. Калган класстар быйыл мурунку эле режимде окуйт, бирок окутуунун стандарттары өзгөрөт", — деген Брызгалова.


Буга чейин Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова 12 жылдык окутууга өтүүнүн алкагында 3-класстын балдары (2015-жылы төрөлгөндөр) секирик жасап 5-класска отурса, 6-класстын балдары (2012-жылы төрөлгөндөр) 8-класска аттай турганын кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн