Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

1-2 жылда бүтүрүүнү убада кылган. Депутат курулуш компаниянын алдамчы жетекчисине чара көрүүнү талап кылды

01.02.2023 11:46
398
1-2 жылда бүтүрүүнү убада кылган. Депутат курулуш компаниянын алдамчы жетекчисине чара көрүүнү талап кылды

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев 13 жылдан бери курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу үй тууралуу маселе көтөрдү.


Депутаттын айтымында, үй ээлери азыркыга чейин өздөрүнүн үйлөрүнө кире элек.


"Мен Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 13 жылдан бери курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу үйдүн ээлери менен жолугуштум. 


Алар Улан Байызбековго чарчы метри үчүн 800-850 доллардан акча жыйнап берген. Ал үйдү бир-эки жылда бүтүрүүнү убада кылган.


Бирок арадан 13 жыл өтсө да курулуш бүткөн эмес. Байызбеков 80 адамдан 6 миллион доллар чогултуп алган",- деди депутат.


Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып маселени өз көзөмөлүнө алууну жана алдамчыларга чара көрүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн