Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өзбек чек арачыларынын огунан курман болгон эки кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүп берилди

06.04.2022 09:07
532
Өзбек чек арачыларынын огунан курман болгон эки кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүп берилди

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 5-апрель саат 23.50гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады.


Аксы районунун Дейрес айылында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Жаңжалдан эки адам каза болгон.


Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык "жүк 200" Кыргыз тарапка 2022-жылдын 5-апрели саат 23:46да "Маданият-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн