Кулжа 15, 2025
Убакыт: 05:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

"Барселонанын" башкы машыктыруучусу Рональд Куман кызматынан бошотулду

28.10.2021 09:11
1387
"Барселонанын" башкы машыктыруучусу Рональд Куман кызматынан бошотулду

Испаниянын "Барселона" клубу башкы машыктыруучу Рональд Куманды кызматынан бошотту. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары билдирди.


Маалым болгондой, 27-октябрдагы "Райо Вальекано" "Барселона" беттешинде Куман жетектеген команда 0:1 эсебинде утулуп калды.

Бул оюндан кийин клубдун маалымат кызматы голландиялык машыктыруучу отставкага кеткенин жарыялады. 

Буга чейин "Барселона" өз талаасында "Реал Мадрид" клубуна 1:2 эсебинде жеңилип калган.


"Барселона" Испания чемпионатында 10-турдан кийин 9-орунда турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн