Теке 29, 2025
Убакыт: 11:11
USD
87.20
87.70
EUR
100.80
101.80
RUB
1.060
1.095

"Ата Мекен" партиясы 9-октябрда кезексиз курултай өткөрөт

28.09.2021 13:36
751
"Ата Мекен" партиясы 9-октябрда  кезексиз курултай өткөрөт

2021-жылдын 9-октябрына “Ата Мекен” партиясынын кезексиз XIV съезди чакырылды. Бул тууралуу токтомго партия лидери Өмүрбек Текебаев кол койду.


"Съезддин күн тартибинде 2 маселе каралат:


Биринчиси, өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык абал,


Экинчиси, алдыдагы парламенттик шайлоого карата партиянын талапкерлеринин тизмесин аныктоо.


“Ата Мекен” башка партиялардан айырмаланып, реалдуу иш жүргүзгөн партия. 


Артыкчылыгы – съездин алдын-ала дайындап, жер-жерлерде делегаттарын шайлайт.

Ошентип, партиянын чечими жергиликтүү уюмдардын пикирин эске алуу менен кабыл алынат.


9-октябрда өтүүчү съездге жер-жерлерден 60ка жакын делегаттар чакырылат",- деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн