Бугу 29, 2025
Убакыт: 19:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.30
99.30
RUB
1.103
1.130

"Ата-Бейитте" чек арада курман болгон жоокерлердин эстелиги ачылды

28.05.2025 13:07
59
"Ата-Бейитте" чек арада курман болгон жоокерлердин эстелиги ачылды


Президент Садыр Жапаров "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын чек арасын коргоп жатып курман болгон жоокерлерге арнап коюлган эстеликти ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.


Иш чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар катышкан.


Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар Куран окушту. Соңунда мамлекет башчы баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн