Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 05:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Өлкөнүн 3 аймагында коронавирус менен ооругандар көп, - министр С.Абдикаримов

15.09.2020 11:39
1104
Өлкөнүн 3 аймагында коронавирус менен ооругандар көп, - министр С.Абдикаримов


Кыргызстан боюнча коронавирус менен ооругандардын көрсөткүчү Баткен, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында жогору. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрдагы брифингде билдирди. 


"Өлкөнүн 3 аймагында абал кооптуу болууда. Баткен облусунда 19, Ысык-Көл облусунда 11, Бишкек шаарында 11 көрсөткүчтү түздү. Бул аймактарда коронавирус менен ооругандардын көрсөткүчү жогору болууда", - деди министр. 


Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 71 адамдан аныкталды. Коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 44999ду түздү. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн