Кулжа 12, 2025
Убакыт: 22:15
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Жумгалда мамлекетке кайтарылган жерге ипотекалык үй куруу каралууда

26.05.2025 13:24
400
Жумгалда мамлекетке кайтарылган жерге ипотекалык үй куруу каралууда


Нарын облусунун Жумгал районунда 1,14 гектар жер өкмөткө кайтарылып, ага мамлекеттик ипотека программасы аркылуу турак жай куруу пландалууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 


Бул жер тилке "Жумгал айыл техсервис" ЖЧКсына таандык болгон. Жергиликтүү жетекчилер аны 2000-жылдардын башында мыйзамсыз менчиктештиргени анык болгон.


"Тергөөнүн жыйынтыгы менен 1,14 гектар жер мамлекетке кайтарылып, Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлдү. Азыркы тапта жергиликтүү бийлик бул тилкеге мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат", — деп жазылган маалыматта. 


УКМК жер тилке менен ишкананын курулуштары жана мүлкү да жеке колго өткөнүн белгилеп, аларды кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн