Бугу 09, 2025
Убакыт: 22:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Жол маал-маалы менен жабылат. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

30.05.2022 09:39
735
Жол маал-маалы менен жабылат. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт


Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн