Бугу 20, 2025
Убакыт: 14:03
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.085
1.125

“Жол фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

20.05.2025 09:26
18
“Жол фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Жол фонду жөнүндө”мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Бул мыйзамдын максаты Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну караган укуктук ченемдерди мыйзам менен бекитүү болуп саналат.


Мыйзамга ылайык Жол фондунун каражаттары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоого жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга гана пайдаланылат.


Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетте каралган каражаттардан төмөнкүлөргө чыгымдар өзүнчө каржыланат:


1) Жол фондунун катчылыгын күтүү;


2) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тармактагы мезгилдүү басылманы чыгаруу, кызматтык адабияттарды, китептерди, колдонмолорду, ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалымат бюллетендерин жана окуу куралдарын, бланктык продукцияны даярдоо жана басып чыгаруу;


3) кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу;


4) илимий-техникалык изилдөө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн