Кулжа 19, 2025
Убакыт: 18:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын жылдык отчетун жактырды

19.06.2025 13:42
17
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын жылдык отчетун жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп, жактырылды. Маалымат менен Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев тааныштырды. 


Өз отчетунда ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына токтолду. Анын айтымында, 2024-жылы инфляциянын төмөндөшү байкалган. Тагыраагы инфляциянын көрсөткүчү жыл башындагы 7,3%дан 6,3%га чейин түшкөн.


Талкуу маалында депутаттар Жайлообай Нышанов менен Марат Мураталиев коммерциялык банктарда насыянын үстөк пайызы кыйла жогору экенин белгилеп, муну көзөмөлгө алууга чакырышты. Депутат Арсланбек Малиев инфляциянын өсүшүнө таасир этүүчү факторлорду жана алдын алуу механизмдерин тактады. 


Депутат Нилуфар Алимжанова керектөөчү насыя алгандардын саны өскөнүнө көңүл буруп, ишкердик, өндүрүш жана кайра иштетүү тармактарына берилчү насыянын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын айтты. Депутат Гуля Кожокулова чет элдик валютадагы операциялардан түшкөн пайданын төмөндөшүнүн себептерин сурап, туунду уюмдардын инвестицияларынан алынган кирешелер жөнүндө да маселе көтөрдү. Депутат Эрнис Айдаралиев айыл чарбасын колдоо максатында ишке ашырылып жаткан программаларга кызыкты. 


Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков тобокелдиктин алдын алуу максатында Улуттук банктын активдерин стратегиялык долбоорлорго жумшоо жолун карап көрүүнү өтүндү. Өз кезегинде Мелис Тургунбаев Улуттук банк финансылык рыноктогу кырдаалга тыкыр көз салып, туруктуулукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү аракеттерди көрүп жатканын билдирди. 


Ал эми депутат Дастан Бекешев Улуттук банк кардарлардын укуктарын коргоп, кайрылууларга өз убагында жооп берүүгө жана санариптик туруктуулукту жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн