Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Жерлерди трансформациялоо боюнча пара талап кылгандарга чара көрүлөт

03.02.2023 08:49
469
Жерлерди трансформациялоо боюнча пара талап кылгандарга чара көрүлөт

Жер мунапысын жүргүзүү маселеси министрлер кабинетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Белгилесек, 2022-жылдын июнь айында министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү боюнча токтом кабыл алган.

Учурда республиканын аймактарында тиешелүү комиссиялар түзүлүп, иштеп жатат.

Министрлер кабинети белгилегендей, президенттин өлкө аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегиялык жыйындарынын жүрүшүндө жерге мунапыс берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Акча каражаттарын опузалап талап кылуу фактылары орун алган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Акча каражаттарын талап кылуу фактылары боюнча төмөнкү телефон номерлерине билдирүүгө болот: (0312) 625342, 960185, 960186.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн