Бугу 21, 2025
Убакыт: 23:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Жээнбек Кулубаев ТМУнун ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты

21.05.2025 16:41
32
Жээнбек Кулубаев ТМУнун ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты


Бүгүн Будапешт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ ТИМК) бейформал жыйынына катышты.


ТИМден билдиришкендей, жыйын Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында өттү жана ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери, ТМУнун башкы катчысы, ошондой эле байкоочу мамлекет катары Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катышты.


Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында соода, энергетика, транспорт, экология, санариптештирүү, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштар сыяктуу негизги чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттарын белгиледи. Министр мүчө мамлекеттерди ушул жылы Кыргызстанда өтө турган ТМУнун иш-чараларына активдүү катышууга чакырды.


Министрлер кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери боюнча пикир алмашып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.


Жыйынтыгында Будапешт шаарындагы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын күн тартиби жана чечим долбоорлору, ошондой эле Уюмдун Катчылыгынын каржылык документтери бекитилди.


Мындан тышкары, Венгриядагы ТМУнун өкүлчүлүгүнүн Аткаруучу директорун дайындоо жөнүндө чечимге кол коюлду. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн