Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жээнбек Кулубаев Алматыда КМШ ТИМ башчыларынын кеңешине катышты

11.04.2025 15:05
239
Жээнбек Кулубаев Алматыда КМШ ТИМ башчыларынын кеңешине катышты


Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Алматы шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда делегация башчылары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШ алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.


Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат, коопсуздук, ошондой эле сот-укуктук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын негизги аспектилери каралды.


Жолугушууга катышуучулар КМШнын өкмөт башчылары кеңешинин жана мамлекет башчылары кеңешинин алдыдагы жыйындарында бекитүүгө коюла турган бир катар документтерди жактырышты.


Иш-чаранын жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн