Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жайыттарды жакшыртуу жолго коюлат

28.05.2020 15:11
1779
Жайыттарды жакшыртуу жолго коюлат


Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "КР айрым мыйзам актыларына (Жер кодекси, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.


Мыйзам долбоору аркылуу «жайыттарды жакшыртуу», «жайыттарды үстүртөн жакшыртуу», «жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу», «маданий жайыттар», «тоют ѳсүмдүктѳрү», «шалбааландыруу» деген түшүнүктѳр киргизилүүдѳ.


Жыйында белгилүү болгондой, учурдагы эң маанилүү жана орчүндүү кѳйгѳй болуп жайыттардын берекесиз болуп жатканы эсептелинет. Андыктан тиешелүү министрликтин бирден бир маанилүү жана негизги чаралары Кыргызстанда жайыттарын башкаруу жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатын жүргүзүү болуп эсептелинет.


Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чараларды уюштурууда, малдардын басымдуулук ченемин аныктоодо алгылыктуу аракеттерди көрүү шарт.


Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн