Бугу 05, 2025
Убакыт: 09:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Жаңы Зеландия бардык чектөөлөрдү жокко чыгарды

09.06.2020 15:09
938
Жаңы Зеландия бардык чектөөлөрдү жокко чыгарды

Жаңы Зеландия коронавируска байланыштуу бардык чектөөлөрдү толук жокко чыгарган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Премьер-министр Джасинда Ардерн өлкөдө бардык чектөөлөр алынат деп айткандыгын The Sydney Morning Herald гезити маалымдады.


Аталган өлкөдө кечээ, 8-июнда вирус жуккан акыркы бейтап толук сакайып чыкты. Соңку 17 күндө вирус аныкталган бир дагы учур катталган жок.


Ардерндин айтымында, эми Жаңы Зеландиянын алдында экономиканы калыбына келтирүү милдети турат.


Чектөө чараларынан чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салуу гана калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн