Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 22:41
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жаңы Ош базарга 9 павильон курулат

10.10.2024 16:15
307
Жаңы Ош базарга 9 павильон курулат


Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкектин түндүгүндө жайгашкан жаңы Ош базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

"Ордо курулуш" подряддык уюмунун өкүлдөрү маалымдагандай, базарга тогуз чоң павильон куруу пландалууда. Анда ишкерлер үчүн соода орундары жабдылат. Соода аянттарынан тышкары, долбоордо социалдык инфраструктура объекттеринин: спорт залдарынын, мечиттердин жана медициналык пункттардын курулушу каралган.

Учурда 162 гектар аянтта курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 12 гектар аянтка унаа токтотуучу жай курулат.

Курулуш иштерин 2025-жылдын октябрында аяктоо пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн